Средняя общеобразовательная школа села Дмитриевка СОШ с. Дмитриевка
  • Меню
  • Школа
    • О нас
    • История школы в цифрах и фото
    • Сотрудники
    • Учебно-воспитательная работа
    • Методическая служба
    • Известные ученики нашей школы
    • Гордимся
    • Информационно-библиотечная служба
    • институциональная папка
    • Социально-психологическая служба
  • Новости
  • Ученикам
    • Школьный парламент
    • Расписание
    • Кружки и секции
    • Полезная информация
    • Электронная запись и приём документов в 1 класс на 2022-23 уч. год
    • Обучение на дому
  • Родителям
    • О приеме в школу
    • Информация для родителей
    • Внутренний распорядок
    • Школьная форма
    • Общественное объединение / фонды
  • Учителям
  • АККРЕДИТАЦИЯ
    • Программная аккредитация
    • Институциональная аккредитация
  • Галерея
  • Контакты
КыргызскийРусский
  • Школа
    • О нас
    • История школы в цифрах и фото
    • Сотрудники
    • Учебно-воспитательная работа
    • Методическая служба
    • Известные ученики нашей школы
    • Гордимся
    • Информационно-библиотечная служба
    • институциональная папка
    • Социально-психологическая служба
  • Новости
  • Ученикам
    • Школьный парламент
    • Расписание
    • Кружки и секции
    • Полезная информация
    • Электронная запись и приём документов в 1 класс на 2022-23 уч. год
    • Обучение на дому
  • Родителям
    • О приеме в школу
    • Информация для родителей
    • Внутренний распорядок
    • Школьная форма
    • Общественное объединение / фонды
  • Учителям
  • АККРЕДИТАЦИЯ
    • Программная аккредитация
    • Институциональная аккредитация
  • Галерея
  • Контакты
  • Главная
  • Новости

В честь «95- летия Чыңгыз Айтматова» провели «Сармерден»

Дмитриевка айылынын жалпы билим берүү орто мектебинде 2023 жылдын 27 ноябрында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” , «Кыргыз ССРининэл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын баатыры Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун 95 жылдык маарекесин өткөруу жөнундө» буйруктун негизинде, «Кыргыз тили жана Айтматов ааламы» аталышындагы үч айлыгынын алкагында уюштурулган кыз- жигиттер оюну «Сармерден» болуп өттү. Бул иш чаранын негизги максаты жаш муундун ата мекен болгон сүйүүсүн ойготуу, эне тилин барктоо, өз элинин каада салтын сыйлоо, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларына кызыгуусун арттыруу эле. Бул иш чарага окуучулар, ата-энелер, мектеп жамааты жана жергиликтүү мекемелердин кызматкерлери чакырылды. Жээк өкмөтүнүн башчысы Мусакожоев Алмазбек Тапкысканович, Жээк айылдык клубунун башчысы Оспанова Райхан, мектептин окуу тарбия боюнча мүдүрдүн орун басары Дуйшеналиева Аида Эсенбековна жана айылдын кадырлуу тургуну Алымкулова калыстар тобуна киришти.
Жигиттер тобун даярдоо тапшырмасы мектептин окуу тарбия боюнча директордун орун басары Самаева Венера Акылбековнага жана кыздар тобун жетектөө мектептен жана класстан тышкары уюштуруучу Молдалиева Чолпон Жумакадыровнага жүктөлгөн. Алгач манас айтуу менен башталып, жанылмач, макал-лакаптар айтылып, шандуу, көңүлдүү көкөлөтүп көтөргөн обондуу ырлар ырдалып, бийлерди тартуулашты. Дмитриевка айылынын жалпы билим берүү мектеби 1958- жылдан бери окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектеп болгонуна байланыштуу, окуучулардын тапшырмаларга даярданып чыгуусу оңойго турган жок. Ошого карабастан, катышуучулар эне тил, мекен жөнүндө, кыз- жигиттер тууралуу макалдарды айтып берип калыстар тобунун сүймөнчүлүгүнө ээ болушту. Обондуу ырларды аткаруу боюнча мектептин 10- б классынын окуучусу Шаршенбеков Ильгиз Рыспай Абдыкадыровдун “ Сагындым туулган жер сени” ырын жогорку дээңгелде аткарып берип, күйөрмандардын мактоосуна арзыды.
Салт көрсөтүү тапшырмасынын ордуна Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткарып берүү, монолог же көркөм окуу боюнча тапшырма берилген. Эки топ тең эң мыкты актерлук чеберчилик менен “Бетме- бет” повестинен, «Кылым карытаар бир күн” романынан үзүндү аткарып беришти. Окуучулар каармандардын образын берилип аткаруу менен, күйөрмандардын купулуна толушту.
Таймаштын жыйынтыгында жигиттер тобу кыздардан үч упайга көп упай топтоп, биринчиликти алды. Иш- чаранын аягында окуучулардын ата- энелери катышуучуларга каалоо- тилектерин айтып, “Сармердендин” уюштуруучуларына ыраазычылык билдиришип, иш- чара мыкты дээңгелде өткөнүн баса белгилеп өтүштү.

Бул таймаш жыл сайын болуп келе жатат жана улана бермекчи.Жалпы окуучуларыбызга окуудагы чон жетишкендиктерди каалайбыз.

Поделиться

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий
Читайте также
Слёт отличников: шаги в мир STEM
18.04.2025 3 147
Наши чемпионы — на пути к мировому пьедесталу
17.04.2025 23 395
Территория молодёжных идей — территория возможностей
10.04.2025 3 51
Наш призёр "Жоокер ыры"
10.04.2025 3 65
Сертификаты TFCF нашли своих героев
28.03.2025 2 147
    • Админ-панель
    • Образование за рубежом

    0558165143

    Чуйская область Ысык-Атинский район С.Дмитриевка ул.Ленина б/н

    © 2025 – Средняя общеобразовательная школа села Дмитриевка Сайт разработан и поддерживается EDUGATE • Публичная оферта